www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын Чыгыш Теннесси округдук соту 59 жаштагы Шэннон Юну Coca-Cola компаниясынын коммерциялык сырын уурдагандыгы үчүн 14 жылга эркинен ажыратып, 200 миң доллар айыпка жыкты. Бул тууралуу АКШ Юстиция министрлигинин сайтында маалымдалды.

Шэннон Ю Coca-Cola компаниясынын коммерциялык сырын уурдагандыгы жана сактагандыгы, экономикалык шпиондук жана алдамчылык беренелери боюнча айыпталып, соттолду.

Маалыматка ылайык, Шэннон Ю компаниянын глобалдык изилдөөлөр боюнча башкы инженери болуп иштеп турганда, ага коммерциялык сырдуу маалыматтардага уруксат берилген. Ал газдалган суу куюла турган банкалардын ички каптамаларынын курамына тийиштүү маалыматтарды уурдаганы аныкталган.

Уурдалган коммерциялык сыр дагы бир нече ири химиялык жана боёк компанияларына таандык болгон. Алардын бири дагы Шэннон Юга керектүү маалыматты алууга мүмкүнчүлүк берген. Бул уникалдуу курамды иштеп чыгуу үчүн коммерциялык сырдын ээлери 120 миллион доллар сарптаган.

Уурдалган маалыматтарды колдонуп, Шэннон Ю жана Weihai Jinhong Group Кытайда өзүнүн өндүрүшүн баштоону пландашкан.

Бул долбоор ишке ашыруу үчүн Кытай өкмөтү аларга миллиондогон доллар гранттарды бөлүп берген.

Ошондуктан Чыгыш Теннесси округдук соту Кытай тараптын кызыкчылыгы үчүн дагы коммерциялык сырды уурдоо аркети болгон деген чечим чыгарды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости