www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Бейтапты дарылоо үчүн мамлекет канча каражат коротот?

«Ооруканаларга акы төлөө үчүн, ММК фонду Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоо жана байланышта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү менен байланышкан учурлар үчүн төлөмдүн суммасын кайра эсептеп чыкты. Бул тууралуу ММК фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева билдирди.

Анын айтымында, эсептөөлөр COVID-19 менен ооругандарга медициналык кызмат көрсөткөн 6 саламаттык сактоо уюмунун иш жүзүндөгү чыгымдары боюнча маалыматтардын негизинде жүргүзүлгөн.
«Төлөмдүн өлчөмү ПЧР лабораториялык изилдөөлөрүнө кеткен чыгымдарды эсепке албастан эсептелет, жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга кеткен чыгымдар жана медициналык кызматкерлердин эмгек акысы эске алынбайт, анткени алар саламаттыкты сактоо уюмдарынын негизги бюджетинен каржыланат. Иштелип чыккан акы төлөө механизми коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптардын абалын эске алат (жеңил, орточо, оор жана өтө оор)», -  деди ал.

Коронавирус инфекциясын дарылоого байланыштуу ооруканага жаткыруу үчүн төлөмдүн өлчөмү:
•    Жеңил даражадагыларга - 1 миң 951 сом;
•    Орто даражадагыларга - 4 миң 670 сом;
•    Оор даражадагыларга - 18 миң 329 сом;
•    Өтө оор даражадагыларга - 37 миң 843 сом.

Кошумчалай кетсек, байланышта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү үчүн ооруканаларга төлөм төлөө каралган (1 миң 862 сом).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости