www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бишкек токтомолору жана унаа туруктары» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери «Мадина» базарынын айланасында рейд өткөрүп, унаа токтотуучу жайлардан мыйзамсыз акча топтогон адамдарды аныкташты.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзамсыз акча топтогон адамдар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, бирок мыйзам бузуучулар талапка баш ийген эмес. Ошондуктан кайгуул кызматкерлери чакырылган.

Андан соң унаа токтотуучу жайдан акча жыйнаган адамдар Свердлов РИИБге жеткирилди. Аларга мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Мэриядан «Мадина» базарынын айланасында унаа токтотуу акысыз экенин белгилешти. Ал эми акылуу унаа токтотуучу жайлардын кызматкерлери атайын жилет кийип, айдоочуларга талон бериши керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости