www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор Азиядагы мамлекет башчылары Эмомали Рахмонго сыйлык ыйгарышты, деп билдирди тажик президентинин басма сөз кызматы.

Түркмөнстандын «Аваза» туристтик аймагында Борбор Азиядагы мамлекет башчыларынын үчүнчү консультативдик жолугушуусу өткөн. Бул иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Анын жүрүшүндө тажик президентине «Борбор Азия мамлекеттеринин ортосунда кызматташтыкты, өз ара түшүнүшүүнү, меймандосдукту жана достукту өнүктүрүүгө, региондогу коопсуздукту, тынчтыкты бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн, региондогу өлкөлөрдүн демилгелерин жана кызыкчылыктарын эл аралык аренада коргогону үчүн» «Борбор Азиядагы мамлекет башчыларынын ардактуу белгиси» сыйлыгы тапшырылды.

Эмомали Рахмон бул сыйлыкты алган биринчи адам болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости