www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Дагы үч бейтап акка моюн сунду

Өткөн суткада 43 адамдан коронавирус табылып, 94 киши айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 14;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 11;
  • Ош облусу – 3;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 3;
  • Баткен облусу – 1.

Жалпысынан өлкөдө коронавирус илештиргендердин саны 182 996га жетти. Анын ичинен 177 693 киши дартты жеңген.

Өлүм учурлары дагы эле катталууда. Кечээтен бери оору үч адамдын өмүрүн алган. Анын бирөө Чүйдө, экөө Ысык-Көлдө көз жумган. Пандемия башталгандан бери илдеттен 2 732 адам каза тапты.

Бүгүнкү күндө республика боюнча ооруканада 454 бейтап бар болсо, 582 адам амбулатордук шартта дарыланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости