www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Дүйнөдө 3 миллионго жакын адам каза болду

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 117 миллион 522 миң 414 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 66 миллион 581 миң 829 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 608 миң 808 адам илдеттен каза болду. Мындай статистикалык маалымат бүгүн, 10-мартка карата алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында турган АКШда ооругандардын жалпы саны 29 миллион 93 миң 692 болду. 527 миң 638 адам каза болсо,12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 11 миллион 244 миң 786 адамдан аныкталды. 157 миң 930 адам каза болсо, 10 миллион 899 миң 394 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 11 миллион 122 миң 429 адам вируска кабылган. 268 миң 370 бейтап көз жумса, 9 миллион 878 миң 566 бейтап оорудан сакайды. 

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости