www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
5-декабрга карата дүйнө боюнча коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 65 миллион 842 миң 942 адамды түздү. Бул маалымат Жон Хопкинс университетинин булагынан алынды.
Вирус жуктуруп алгандардын ичинен 42 миллион 301 миң 454 бейтап айыгып чыккан. Андан сырткары 1 миллион 518 миң 560 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн башында АКШ турат. Анда вируска кабылгандардын жалпы саны 14 миллиондон ашат.
Америкадан кийинки антирекорд Индияга таандык. Бул өлкөдө жалпы 9 миллион 571 миң 559 адамдан коронавирус аныкталган.
Ал эми тизме боюнча үчүнчү сапта Бразилия турат. Бразилияда 6 миллион 533 миң 968 адам вируска кабылган.
Булак: NazarNews.kg