www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Кытай чек арасына унаалардын кирүүсүн чектеди

Кытайдын чек арага чектеш аймактарында COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу, өлкө бийлиги Казакстандын чек арасы аркылуу унаалардын өтүүсүнө кошумча чектөө киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды

Ага ылайык, Хоргос жана Алашанькоу өткөрүү пункттары аркылуу азык-түлүк товарларын алып кирүүгө толугу менен тыюу салынган. Мындан тышкары, Алашанькоу өткөрүү пунктунан КЭРге өткөн жүк ташуучу унаалардын саны күн сайын 20га чейин чектелген.

Буга байланыштуу Кытайга кирген унаа 3 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетиши керек.

Ал эми бул чектөө канча убакытка чейин киргизилгени жана ал башка өткөрмө бекеттерге тиешеси бар-жогу азырынча белгисиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости