www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Расмий Баку Тоолуу Карабак үчүн урушта армениялык жоокерлердин өлүктөрүн мазакташкан, армян мүрзөлөрүн талкалашкан деген шек менен азербайжандык төрт жоокер кармалганын билдирди.
Азербайжандын Башкы прокуратурасы дүйшөмбүдө сайтына жайгаштырган билдирүүдө айтылгандай, тергөөчүлөр Интернетте тараган видеолор менен таанышып чыккандан кийин шектүүлөр кармалды.
Маалыматка ылайык, эки сержант Зангелан районундагы салгылашууда каза болгон армян аскерлеринин өлүктөрүн мазактаган деп шек саналууда. Эки катардагы жоокер Хожавент районундагы Мадатли айылындагы көрүстөндө эстеликтерди сындыргандыгы үчүн айыпталууда.
Ошондой эле Башкы прокуратура ушундай мазмунда болушу мүмкүн деген дагы башка видеолорду иликтеп жатканын кошумчалады.
Эл аралык укук коргоо уюмдары буга чейин Баку менен Ереванды согуш кылмыштарын тергөөгө үндөшкөн.
Эске салсак, 27-сентябрда Тоолуу Карабактын айланасында тутанган кармаштар 10-ноябрда Орусиянын арачылыгы менен токтотулуп, тынчтык келишимине кол коюлган.
Булак: NazarNews.kg