www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Кытайдын Далянь шаары карантинге жабылды

Кытай коронавирустун дельта вариантынын жайылуусуна байланыштуу жаңы чектөөлөрдү киргизүүдө. Reuters агенттигинин 14-ноябрдагы маалыматына караганда, 17-октябрдан бери өлкө ичинде вирусту жугузуп алган 1 миң 308 киши катталды.

Далянь шаарында оору жугузган учурлар өзгөчө ылдам өсүүдө. Айрым чөлкөмдөрдө ал шаардан келгендер өткөн жумада эле чектөөлөргө туш болгон. Башка өлкөлөр менен салыштырганда Кытайда көрсөткүчтөр төмөн болгону менен, дельта штаммы буга чейин мынча тез жайылган эмес. Бийлик чукул чара көрүп, вирустун бир да учуру болбошу керек деген саясатты карманууда.

Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын расмий өкүлү вирустун тарашын алдын алуу үчүн 7,5 миллион калктуу Далянь шаары карантинге жабылганын билдирди.

Коронавирустун жаңы түрү 2019-жылы Кытайдын Ухань шаарында катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости