www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Неврологияда кээ бир бейтаптарга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу брифингтин жүрүшүндө КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин штаттан тышкары башкы неврологу, Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнүн бөлүм башчысы Жамал Тургунбаев билдирди.

Дарыгер төмөндө эмдөө алууга мүмкүн болбогон неврологиялык ооруларды тизмектеди:

- Эпилепсиянын оор формалары, фебрилдик талма;

- Борбордук нерв системасынын курч сезгенүү оорулары (менингит, энцефалит, миелит, полиомиелит);

- Инсульт (ишемиялык, геморрагиялык инсульт жана субарахноиддик кан кетүү) абал турукташканга чейин;

- Бардык неврологиялык оорулар, башкача стаматикалык оорулар менен коштолсо боор, бөйрөк, калкан без, кант диеабети, коронардык курч синдром. Өзгөчө - өпкө оорулары, курч вирустук респиратордук инфекция, ичеги инфекциялары курч учурунда вакцина алуудан абайлоо керек. Бирок дене табы нормалдашкан учурда вакцина алуу сунушталат;

- Эгерде вакцинанын биринчи дозасын алган учурда бейтап анафилактикалык шок алып, дене табы 40градустан жогору болуп, кээ бир компоненттерди көтөрө албай реакция жүргөн болсо экинчи дозаны алганга болбойт.

«Тубаса иммундук системасы төмөн адамдарга вакцина жасаганга болбойт. Бирок мындай жарандар аз кездешет. Бул жерде ВИЧ-инфекциясы жана СПИД менен ооруган бейтаптар тууралуу сѳз болгон жок. Булар вакцина алганга болот», - деди ал.

Тургунбаев Гийена-Барре синдрому менен ооруган бейтаптар толук турукташканга чейин вакцинадан кармануусу зарыл экенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости