www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алгандан кийин ооруканаларда жана үй шартында дарыланып жаткандардын саны акыркы апталарда бир топ көбөйгөнү байкалды.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 9-апрелдеги маалыматына караганда, ушу тапта стационарда 766 бейтап оору менен алышып жатат.

Алардын 28инин абалы өтө оор, 169 бейтаптын абалы оор, 562 кишиники орто оордукта деп бааланууда. Ал эми үй шартында дарылангандардын (амбулатордук) саны 849га жетти.

Белгилей кетсек мартта бул көрсөткүч күн сайын 400-500дүн тегерегинде болчу.

Расмий эсепке ылайык, 9-апрелге карата Кыргызстанда коронавирустун курмандыктары 1516га жетти. Пандемия башталган бир жыл аралыгында оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 89 811 кишини түздү.

Анын 85 719у айыкты. Акыркы күндөрдө өлкөдө илдетке чалдыккандар айыккандардан кыйла арбын болууда. Күн сайын расмий каттоого алынган бейтаптардын саны 100дөн ашса, 8-апрелде вирус табылгандар 200дөн ашып, сентябрдан берки эң көп учур катталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости