www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Өткөн жумада дүйнөдө 93 миң адам каза болду

Өткөн жумада дүйнө жүзүндө коронавирустан 93 миң адам каза тапты. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди.

Аталган уюм билдиргендей, 17-январга карата дүйнөдө 93 миллиондон ашык адам коронавирус жуктурду. Соңку аптада 4 млн 700 миң адамдан COVID-19 аныкталган. Ал эми коронавирустан каза болгон адамдардын саны 2 миллиондон ашты.

Ал эми Жонс Хопкинс университетинин маалыматына караганда, бүгүн, 20-январга карата дүйнөдө 96 миллиондон ашык адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 2 млн 56 миң 996 бейтап каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости