www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Профессор Сю Цзян жетектеген Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун, Элдик-боштондук армиясынын жана бир катар илимий-изилдөө институттарынын кытайлык окумуштуулар тобу 2021-жылы коронавирус пандемиясынын өнүгүшүнүн мындан аркы кадамын изилдеп чыкты.

Коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны дүйнө жүзү боюнча жакынкы эки айда 94 миллиондон 170 миллионго чейин көбөйөт, деп жазат South China Morning Post. Ошол эле учурда профессор Джянго дүйнөдөгү бардык оорулардын бештен бири АКШда кездешээрине көңүл бурду.

"COVID-19дон каза болгондордун саны март айынын башында беш миллионго жетиши мүмкүн" деди ал.

Эң оптимисттик сценарийди ишке ашыруу үчүн ар бир адам социалдык аралыкты сактап, беткапчан жүрүү эрежелерин сакташы керек, өлкөлөрдүн өкмөттөрү натыйжалуу чараларды гана көрүп, эмдөөнүн массалык программасын токтотпошу керек. Бардык шарттар аткарылган күндө дагы, кытай окумуштуулары март айына чейин коронавирустан кеминде 300 миң адам өлөт деп эсептешет. Окумуштуулардын айтымында, негизги көйгөй SARS-CoV-2 вирусунун сасык тумоо сыяктуу өнүгүшү.

Демек, адамдын организмине вирустун адаптацияланышы сезондун мүнөзүнө алып келип, ага каршы күрөштү бир топ татаалдаштырат. Буга чейин ДДУ пандемиянын экинчи жылы адамзатка биринчи жылга караганда оорураак болушу мүмкүн деп айткан. Маалымат үчүн айта кетүүчү нерсе, дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 94 миллиондон ашты, ал эми жабыркагандардын саны 2 миллиондон ашты.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости