www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт коронавируска кабылган медицина кызматкерлерине кенемте төлөө үчүн документтерди кабыл алууну убактылуу токтотту.

Мурда кайрылгандардын саны 3000ге чукулдап калгандыктан, алардын документтери текшерилип бүтмөйүнчө башкалардан арыз алынбайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Индира Жумабаева билдирди.

"Жаңы жыл майрамынан кийин кайра кабыл алына башташы мүмкүн. Балким ошондо коронавирус жуктуруп алгандарга гана эмес, пневмонияга кабылган медиктерге да төлөп берүү жагы каралышы ыктымал. Анда кенемте алуу үчүн документтер, талаптар да өзгөрөт".

Жумабаеванын айтымында, кенемте сурап кайрылгандардын арасынан 1-сентябрга чейин ооруп калгандардин гана документтери каралууда. Башкалар кийинки этапка калат. Буга чейин 479 дарыгерге 200 миң сомдон, каза болгон 29 кызматкердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон төлөнүп берилген.

27-ноябрдагы расмий маалыматка карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу 71 548 кишиге жукту, алардын 1256и каза болуп, 62 946сы айыкты.

Оору жуккандардын арасынан 3865и медицина кызматкери. Алардын 3576ы айыгып чыкты. Каза болгон дарыгерлердин саны октябрдын соңундагы маалыматка ылайык, 80ден ашты.

Өкмөт иш учурунда коронавирус жуктуруп алган медкызматкерлерге 200 миң сомдон, каза болуп калгандарынын жакындарына миллион сомдон кенемте төлөп бермей болгон. Ал эми пневмония менен ооругандарга төлөм каралган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости