www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Европа Кеңешинин кеңеш берүүчү органы болгон Венеция комиссиясынын төрагасы Жанни Букикиого кайрылып, Кыргызстанда Баш мыйзамдын сунуш кылынып жаткан жаңы долбооруна эл аралык экспертиза жүргүзүүгө көмөктөшүүнү суранды. Бул тууралуу акыйкатчынын маалымат кызматы 27-ноябрда кабарлады.

Кыргызстандын омбудсмени коомдук талкууга коюлган долбоордун өзү да, конституциялык реформа канчалык зарыл деген маселе да талкууланып жатканын айтты. Конституциянын жаңы долбоору адам укуктары боюнча стандарттарга канчалык шайкеш келери боюнча эл аралык экспертиза жүргүзүүгө көмөк сурады.

18-ноябрда Венеция комиссиясы “Кыргызстандын учурдагы парламентинин конституциялык реформаны жүргүзүүгө ыйгарым укугу жок” деген бүтүмүн жарыялаган. Бул корутунду Кыргызстандын Конституциялык палатасынын 4-ноябрдагы өтүнүчү менен даярдалган.

Андан мурда «Реформа» партиясы Жогорку Кеңештин парламенттик шайлоо мөөнөтүн өзгөртүү тууралуу чечими боюнча Конституциялык палатага арыз жазган эле.

Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу менен 17-ноябрда талкууга чыгарылган жаңы долбоорго ылайык, Кыргызстанда президенттин укуктары кеңейет, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алат. Мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилет. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылат. Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиев «Конституциянын жаңы долбоорунун авторлору – парламенттин 80 депутаты» деп айтты. Бирок демилгечилердин катарындагы бир нече эл өкүлү долбоорду жазууга катышпаганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости