www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунун мурдагы жетекчиси Марат Мураталиевдин кеңешчиси делген Марслатбек Шералиев велосипедчен баланы сүзүп өлтүрүп алганы үчүн үч жылга кесилди. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.

Талас райондук сотунун өкүмү 23-ноябрда чыккан. Анда Шералиев Жазык кодексинин 297-беренесинде жана 135-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштарды жасоодо күнөөлүү деп табылган. Натыйжада эки жылдык мөөнөткө айдоочулук укугунан ажыратуу менен 2 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган.

“Жазык кодексинин 78-беренесине ылайык, белгиленген жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу аркылуу биротоло эки жылдык мөөнөткө айдоочулук укугунан ажыратуу менен 3 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, быйыл 30-июлда Талас облусунун башчысынын кеңешчиси делген Марслатбек Шералиев автоунаасы менен велосипедчен адамды коюп кетип, ал каза болуп калган.

Милициянын билдиришинче, Toyota 4Runner айдаган 53 жаштагы Шералиев жолдун четинде велосипед менен келе жаткан 23 жаштагы А.А. аттуу жигитти коюп кетип, андан ары токтоп турган Mercedes үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны сүзгөн. Экспертизанын жыйынтыгы унаанын айдоочусу мас экенин аныктаган.

Өкмөттүн Талас облусундагы ошол кездеги өкүлү Марат Мураталиев ал айдоочу расмий түрдө өкүлчүлүктүн штаттык кызматында иштебегенин айтып, бирок кээде кеп-кеңешин берип турганын билдирген. Ошондой эле ал “афганчы” жана Улуттук коопсуздук кызматынын (азыркы УКМК) запастагы полковниги экенин кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости