www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: 27 мектеп карантинге жабылды

Батыш Казакстан облусунда 27 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу жергиликтүү «Мой город» сайты кабарлады.

Маалыматка караганда, окуу жылы башталгандан тартып 306 окуучуга коронавирус жуккан. 1-сентябрдан бери 62 мугалимден COVID-19 табылган. Мыдан улам 27 мектепте 46 классты карантинге кетирүү тууралуу чечим чыкканын Батыш Казакстан облусунун акиминин орун басары Айдар Нуралиев билдирди.

Казакстанда 1-сентябрдан тартып окуучулардын басымдуу бөлүгү офлайн окууга өткөн. Буга чейин Чымкентте 5 миң, Алматы облусунда 2,6 миң окуучу карантинге жиберилгени кабарланган.

Расмий Нур-Султан өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну күч алганын августтун соңунда билдирген. Өзгөчө Алматы жана баш калаа Нур-Султанда вирусту жуктуруп алгандар көп катталууда. Казакстанда бир суткада 2324 кишиден коронавирус аныкталып, 54 адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости