www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл дүйнө жүзү боюнча абактагы журналисттердин саны эң жогорку чекке жетти. Бул тууралуу Журналисттерди коргоо комитетинин (CPJ) 9-декабрда жарыяланган баяндамасында жазылган.

Маалыматка караганда, декабрдын башына карата ЖМКлардын 293 кызматкери өз ишмердүүлүгү үчүн эркинен ажыратылган.

Журналисттерге кылмыш ишин козгоо боюнча дүйнөдө биринчи орунда Кытай турат. Бул өлкөдө профессионалдык ишмердүүлүгү үчүн 50 журналист камакта отурат. Экинчи орунда Мьянма (26), үчүнчүдө Египет (25), төртүнчүдө Вьетнам (23) жана бешинчи орунда Беларус (19) жайгашкан.

Беларуста 2020-жылы өткөн талаштуу президенттик шайлоодон кийин бир жылга жакын убакытка созулган каршылык акцияларын чагылдырууда жүздөгөн журналист жана блогерлер камакка алынган. Алардын 19у узак мөөнөткө соттолуп, азыркыга чейин абакта отурат.

CPJ баяндамасында быйыл майда беларус журналисти Роман Протасевичти кармоо үчүн Лукашенко Грециядан Литвага бараткан учакты күч менен Минскиге кондурууга жеке буйрук бергени белгиленген.

Бул рейтингде Орусия тогузунчу орунда — Сауд Арабиясы менен Ирандын ортосунда жайгашкан. Бүгүнкү күндө Орусиянын абактарында өз ишмердүүлүгү үчүн соттолгон 14 журналист камакта отурат. Өзбекстан менен Азербайжанда экиден, Казакстан менен Түркмөнстанда бирден журналист темир тор артында отурат.

Баяндамада акыркы бир жылдын ичинде дүйнө жүзүндө кеминде 24 журналист өлтүрүлгөнү жазылган. CPJ дагы 18 журналисттин өлүмүн алардын профессионалдык ишмердүүлүгү менен түздөн-түз байланыштыра алган эмес. Журналисттер өлтүрүлгөн эң көп учур (алты журналист) Мексикада катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости