www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баш кеңсеси Нью-Йорк шаарында турган Журналисттерди коргоо комитети (The Committee to Protect Journalists - CPJ) Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун эркин медианы бутага алган мыйзам долбоорун парламенттен чакыртып алган шаршембидеги чечимин кубаттай турганын билдирди.

"Кыргызстанда медиа каражаттарына чабуул уланып, журналисттер абакка камалып, Орусиянын жолоюндагы "чет элдик тыңчылар" мыйзамы талкууланып жаткан маалда "Жалпыга маалымдоо каражаттары" (ЖМК) жөнүндө талаштуу жана репрессивдик маанайдагы мыйзам долбоору - аймактагы сөз эркиндигинин туусу саналган Кыргызстан салынган табытка кагылган мык болуп калышы ыктымал болчу. Аны артка чакыртып алуу жалгыз туура чечим болду", - деди уюмдун Европа жана Борбор Азия программасынын координатору Гүлноза Саид.

Уюмдун билдирүүсүндө кыргыз бийлиги мыйзам долбоорунун жаңы версиясын журналисттик коомчулуктун өкүлдөрү жана сөз эркиндигин коргоочулар менен чогуу ийри отуруп, түз кеңешүүсү зарыл экени айтылат.

13-мартта президент Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарылды. Мындай чечим 7-мартта Жапаров баштаган жетекчилер өлкөдөгү 40тай жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолуккандан кийин кабыл алынды. Жогорку Кеңештин айрым комитеттеринде биринчи окууда колдоо тапкан бул документти эл аралык жана жергиликтүү уюмдар сындаган.

БУУнун сөз жана ой пикир билдирүү эркиндигин жайылтуу жана колдоо боюнча атайын баяндамачысыЕККУ талаштуу мыйзам долбоорун сындап, Кыргызстандын бийлигин аны артка чакыртып алууга үндөгөн.

Последние новости