www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын Башкы прокуратураларынын ортосунда жетишилген макулдашуунун алкагында, 2022-жылдын 12-апрелинен 26-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын он кызматкери Россия Федерациясынын Прокуратура университетинин Санкт-Петербург юридикалык институтунда (филиалында) квалификациясын жогорулатуу программасынын алкагында окуудан өтүштү.

Окуунун жүрүшүндө прокурордук иш чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташуу, прокуратура органдарында ишмердүүлүктү уюштуруу, мыйзамдардын аткарылышына, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына көзөмөлдөө жүргүзүү, жазык жана жазык-процесстик мыйзамдардын нормаларын ишке ашыруу, соттор тарабынан иштерди кароодо прокурордун катышуусу деген дисциплиналар боюнча билимдер өздөштүрүлдү.

Аттестациянын жыйынтыгы боюнча бүтүрүүчүлөргө Орусия Федерациясынын Прокуратурасынын университетинде квалификациясын жогорулатуу боюнча белгиленген үлгүдөгү сертификаттар берилди.

Маалымат үчүн: 2020-жылы Орусия Федерациясынын Прокуратурасынын университетине КМШга мүчө-мамлекеттердин прокуратура органдарынын кызматкерлерин даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча базалык уюм статусу ыйгарылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости