www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Даңазалуу аялдама боюнча кармалган айыл өкмөт менен Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунун директору кое берилиптир, даже жумуштарынан бошолтулган эмес.

Тамчы айылындагы даңазалуу аялдамага 840 миң сом жумшалганы боюнча коомчулукта чоң резонанс жаралган. Бул маселеге президент Садыр Жапаров өзү көңүл буруп, ал аялдаманы дааратканага салыштырып сынга алган. Натыйжада буздуруп, ордуна 351 миң сомго башкасын салдырган. 

Эске салсак кетсек, аялдама боюнча 20-майда Башкы прокуратура кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун жана Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Ф.К.Б. менен Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунун директору Д.М.Анын кармалганын билдирген. Бирок кармалгандар камакка алынган эмес. Кызматтарынан дагы бошотулбаганы айтылды. 

Башкы прокуратура тарабынан аталган кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алуу өтүнүчү сотко жөнөтүлгөн. Бирок райондук сот аларды зыяндын орду толтурулуп берилгендигине байланыштуу үй камагына чыгарган.

Булар минтип президентти уят кылышып, собатаж жасашууда...

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости