www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дачи СУ окуясын иликтөөчү комиссия түзүлө элек

Дачи СУдагы 39 адамдын өмүрүн алган учак кырсыгын иликтөө боюнча коомдук комиссиянын курамы аныктала элек. Бул тууралуу президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов журналисттерге 10-майда билдирди. Анын айтымында, комиссия жарандык коомдун өкүлдөрүнөн куралат жана анын курамын мамлекет башчы Садыр Жапаров жарлыгы менен бекитет.

Президент Садыр Жапаров Дачи С Удагы учак кырсыгы боюнча кошумча иликтөө болоо рун, ал үчүн коомдук комиссия түзүүнү тапшырганын 8-майда билдирген. Мамлекет башчы Фейсбуктагы баракчасына комиссиянын курамына активдүү жарандар, иликтөөчү журналисттер, өкмөттүк эмес уюмдардан өкүлдөр дагы чакырылаа рын жазган.

Эске салсак, Бишкектин четинде, "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дачи СУ конушунда мындан беш жыл мурун 16-январда  учак кыйраган. Анда Гонконгдон Ыстамбулду көздөй бараткан түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык Boeing үлгүсүндөгү жүк ташыган учак конуш үйлөрүнүн үстүнө  кулап түшкөн. Каргашада 39 жергиликтүү тургун (алардын 17си бала) жана төрт учкуч каза болгон.

Бул кырсыкка байланыштуу кылмыш иши  козголуп, бирок  кийин токтотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости