www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдүгү саясатчыларды азыркы убакта жаш балдардан бери таанып калган. Анткени, саясатчылардын бири-бирин шыбап сүйлөгөндөрү, жада калса парламенттеги жыйындын уруш талаасына айланат.
Мунун баары интернет айдыңында мемге айланып, кыска убактын ичинде тарап кетти. Алар эл арасында көптөгөн сынга, шылдынга алынды. Кыргызстандагы саясатчылардын деңгээли ушунчалык эле төмөнбү?
«Кыргызстанда - саясатчылардын рейтинги «эркекче сүйлөдү, бетке айтты» деген критерийлер менен ченелет», - дейт журналист Дайырбек Орунбеков.Мындай пикирин ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
«Кыргызстанда - саясатчылардын рейтинги «эркекче сүйлөдү, бетке айтты» деген критерийлер менен ченелет. Электорат топтош үчүн болушунча бакылдай беришет, атаандашын, бийликти шыбап. Айрым саясатчылардын программасы турукташып калган каралоо менен өзгөрбөй эле келе жатат.
Эл дагы жаңы талаптарды, денгээлдердин, ишинин жыйынтыгына карап баа бербейт, үнү бийик чыккандарга көнүл бурат. Бакылдактарды баалай берсек, кантип калыптанган коомдук көз караш түзө алабыз? Уруулук түзүлүштөн көтөрүлө турган мезгил келди...», - деп жазды ал.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg