www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айылчы Сарыбаев: “Азыр Кыргызстанга дүйнө жүзү түшүнбөй жатат”

Азыр Кыргызстанга дүйнө жүзү түшүнбөй жатат. Мындай пикирди Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев “NazarNews” маалымат агенттигине билдирди.

--“Кыргызстанга дүйнө жүзү түшүнбөй турат. Алар эмес биздин эл өзүбүз түшүнбөй турабыз. Азыр курултай дагы кылабыз деп жатышат. Азыркынын курултайы парламентте отуган эле депутаттар. Айрымдар илгерки курултайды элестетип, ошондой курабыз деп жатышат.

Бизге парламенттик система, президенттик система, өкмөттүк башкаруу баары эле болду. Мындан ары бир диктатор эле болуп калды. Соттор болсо ким бийликке келсе ошого кызмат кылат, президенттик аппаратка курал болуп жатышат. Ошондуктан соттор болобу, президент, өкмөт башчы же депутат болобу мыйзам бирдей болууга тийиш.

Бизге ишеничтүү инвесторлор келбейт, мындан ары ууру, алдамчы жана  эч нерседен коркпогон бандит инвесторлор келет. Себеби, Кыргызстанда митинг, төнкөрүш болуп жатса ким келип ишмердүүлүгүн жүргүзөт? Коопсуздугунан коркушатда. Саясий кырдаал туруксуз болуп, инвестор келиши кыйын. Муну анархия деп койот, анархия болгон жерге инвестор келбейт. Саясий туруксуздуктан улам сырттан келген инвестор эмес, өзүбүздүн ишкерлер өлкөдөн качып кетип жатышат. Биз аларга шарттарды түзүп бербей, тескерисинче, тоскоолдуктарды жаратып жатабыз. Салык маселесинде да, бизнес жүргүзүү механизмдеринде да мүчүлүштүктөр чоң. Тиешелүү органдар аларды жолго салбай эле кызмат бөлүшүү менен алектенип келе жатат. Өлкөдө экономикалык өсүш болуусу үчүн биринчи кезекте саясий туруктуулукту камсыздашыбыз керек. Саясий туруктуулук болсо Кыргызстандын көп тараптан өнүгүү мүмкүнчүлүгү бар болчу. Буга чейинки келген инвесторлор президентке же премьер-министрге таянып келип, депутаттарды таанышым деп келишет. Инвестор деген мыйзамга таянып келиши керек. Тилекке каршы андай эмес.

Азыркы пандемия шартында дүйнөдө экономика кыйла түштү. Кыргызстан сазга батты. Быйыл экономикалык абал кандай болоору белгисиз. Бир гана биз айыл чарба, дыйканчылыкка гана ишенебиз. Бизде башка жол жок”, - дейт Айылчы Сарыбаев.

 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости