www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Аял менен эркек куштун эки канаты». Албетте, азыркы эркек менен эркек, аял менен аял үй-бүлө куруп жаткан Батышты мисал кылып албай эле коелу.

Абдил Сегизбаев деген бир президенттикке талапкер пайда болду. Бул деле учурунда кыргызча эле Асел Мамбетовага «махабатын» арнап, үй-бүлө күткөн. Акаевдин жанында жүрүп, пресс-катчысы катары далайларды жарга түрткөн. Аны сөз кылбай эле коелу, убагында аялы Асел Мамбетовага кадимки эркектик мамиле жасай албагандыктан үй-бүлө күтүп, эптей албай, анысы президенттин маңдайында жүргөн күйөөсүн чанып, колунда ирик-чирик топтолгон бай адамдар менен ойнош күтүп кетип калган.

Үй-бүлөсүн кармай албаган Сегизбаев президент болуп кыйратмак беле? Атамбаевдин убагында анын шыпыргысы болуп, далай азаматтардын тагдырын сындырган. Бир кезде аялын тарттырып жиберип, үй-бүлөсүнө ээ боло албаган Абдил Сегизбаев элге башчы болом дегени «абсурд» эмеспи?

Ал президент боло турган болсо, үй-бүлөсүн эптеп багып жаткан миллиондогон кыргызстандыктарды аялдары чанып, үй-бүлө наркы бузулабы?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости