www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамсыз ташылган 4 тонна мандарин аныкталды

3-январда Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек ара аркылуу аткезчилик жүк алып өтүү аракетине бөгөт койду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, чек арачылар кызмат өтөө учурунда Худжант-Канибадам автотрассасына жакын жерден Кыргызстандын аймагында тажик номериндеги Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү автоунаасын аныкташкан.

Айдоочу жана жүргүнчү чек ара кезметинин унаадан чык деген талабынан баш тартып, каршылык көрсөтүп Тажикстандын аймагына качып кирүү аракетин көрүшкөн. Кыргызстандын чек арачылары аларды токтотуп кармашкан. Алардын өздүгүн тактоо учурунда 1986-жылы туулган Ш.Д., жана 1990-жылы туулган Ч.Ш., аттуу Тажикстандын жарандары экендиги аныкталган. Чек арачылар тарабынан унааны текшерүү учурунда эч кандай уруксат кагаздары жок 4 тонна мандаринди аныкташкан. Контрабандалык жүктүн болжолдуу баасы 300 000 сомдун тегерегин түзгөн.

Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң кармалган жарандар жана контрабандалык жүк мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү орган өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости