www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаев №47 түзөтүү колониясына которулганын анын жубайы Раиса Атамбаева билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев ден-соолугуна байланыштуу Жаңы жылга чейин УКМКнын СИЗОсунан №47 түзөтүү колониясына которулган.

«Ал жаткан СИЗОнун камерасында суук болгон. Ал жерде дарыгерлер болгон эмес. Азыр ал дарыгерлердин көзөмөлүндө. 31-декабрда ага тамак-аш алып барып келдик», - деди ал.

Эске салсак, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Атамбаевден кабар алып, анын ден-соолугу начарлап кеткенин айткан болчу.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости