www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбеков 5-6-октябрда качпай элдин үнүн угуп, шайлоону жокко чыгарса президенттик ордунда калмак. Мындай пикирди легендарлуу парламенттин депутаты, академик Жамин Акималиев  “NazarNews” маалымат агенттигине билдирди.

--“Сооронбай Жээнбеков 5-6-октябрда качпай элдин үнүн угуп, шайлоону жокко чыгарса президенттик ордунда калмак. Ал телеканалдар аркылуу элге кайрылып, “парламенттик шайлоону жокко чыгарам” деп элди токтотсо тынч тарамак. Азыркыдай жыйынтык болмок эмес. Ал элди укпай койду, анан Жээнбековду кетирүүгө аракет кылышты. Анын тарыхый катачылыгы мына ушул болду. Сооронбай Жээнбековго кеңеш берген тың адам болгон жок. Тышкы саясатты жүргүзүүгө жанында тың, дипломат, тажрыйбалуу күчтүү адам болушу керек болчу. Ага эч ким жакшы жардам берген жок. Аны жанындагылар эле башын айлантып, иниси Асылбек Жээнебков дагы баарын өзү билемдикке салды көрүнөт. Инисинин айынан 3 партия гана шайлоодон өтүп элдин кыжырын кайнатты.

Ал эми Кыргызстанда мамлекеттик партиялар, уюмдар көп. Алты миллион калкка 200 партиянын кереги эмне?  Бул партиялар шайлоодо гана пайда болуп, атын чыгарып, ызылдап жүрүшөт. Ошолордун терс жыйынтыктары жакынкы сыноолордо белгилүү болду. Андыктан партияларга кандайдыр бир чектөө керек.

Ошону менен катар, бизге парламенттик башкаруу болбостугун билдик. Депутаттар ар кимиси өз билемдикке салып, чаржайыт болуп кетти. Парламенттик системаны көрдүк, болбойт экен. Кыргызстан президенттик башкарууга өтүшүбүз керек. Бир адамга жоопкерчиликти берип, андан жыйынтарды талап кылалы. Президент деп эле баардык укуктарды берип, хандай кылбай, аткаруу бийлигине аралаштырып, өкмөт башчы кылып, өзүнөн баарын талап кылышыбыз абзел”,- дейт Акималиев.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости