www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеш соттук реформалардын алкагында бирдиктүү мамлекеттик орган түзүүнү сунуштады.
Депутат Марлен Маматалиев тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылып, парламенттин расмий сайтына жарыяланды.
Жаңы мамлекеттик орган Жогорку соттун, жергиликтүү соттордун, сот адилеттигинин жогорку мектебинин, соттук өз алдынча башкаруу органдарынын жана Судьяларды тандоо боюнча кеӊештин иштерине, материалдык-техникалык базасына жооптуу болот.
Мыйзам долбоору сот органдарынын ишин жакшыртууга, акча каражаттарын жана материалдык ресурстарды сарамжал пайдаланууга багытталганы айтылат.
--"Биринчиден, дароо бир нече заказчынын керектөөсү үчүн материалдык ресурстарды ири көлөмдө сатып алуунун эсебинен каражатты үнөмдөөгө, экинчиден, заказчыларга болгон административдик кыйынчылыктарды азайтууга жардам берет. Муну менен бюджеттик акчаны сарамжал пайдаланууга жана контролдоого мүмкүндүк болот", — деп айтылат мыйзам долбоорунда.
Талкууга чыккан мыйзам долбоорунда Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун иштерин уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан камсыздоону ишке ашырган Сот департаментин жоюп салуу дагы каралган.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg