www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурдагы президент Дональд Трамп АКШнын Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору колдонгон «акылга сыйгыс» эсептөө ыкмасынан улам өлкөдө коронавирустун учурлары жана каза болгондордун саны аша чаап жатканын билдирди.

Бул тууралуу Дональд Трамп өзүнүн Twitter баракчасына жарыялады.

«АКШда Кытай вирусун жуктургандар менен каза болгондордун саны Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору колдонгон «акылга сыйгыс» эсептөө ыкмасынан улам, башка өлкөлөргө караганда аша чаап кетти. Кээ бирлери атайын жалган маалымат көрсөтүп, вирус жуктургандардын санын кыскартып жатат. Эгер ишенимдүү болбосоңуз, анда аны COVID деп атаңыз. Фейк маалыматтар!», - деп жазган ал.

Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, АКШда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 20,4 миллиондон ашып, 350 миңден ашуун адам каза болгон.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости