www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Чынын айтайын, чычалабагыла. Кеп Башмыйзамда деле эмес, өзгөрсө деле, өзгөрбөсө деле жашообуз өзгөрүүсүз калат. Кеп, биздин эл катары, улут катары толук калыптанбай калганыбызда. Манас атабыздын дагы бутуна чалынган өзүнүн бир туугандары болгон. Тарыхты карап көргүлө, улут катары бир дагы жолу бириге алган эмеспиз. Жарымы Кокон хандыгынын таасирине, жарымы оруска жүгүрүп барып, өз алдынча боло алган эмеспиз. Мактанган баатырларыбыздын жарымы эле сырткы душмандарды эмес, кыргыздын бир уруусун чаап, кызын күң, жигитин кул кылып, жылкысын тийген бирөө. Эзелтеден кокту-колот, уруу-уруу болуп чабышып ынтымагыбыз болгон эмес", деген пикирин Дайырбек Орунбеков жазып чыкты.
Ага кошумча, "Качан гана совет бийлиги орноп, көчүккө тээп мал бактырып, алдап орден тагып койгон заманда гана адам катары жашаганбыз. Эгемен алгандан кийинки тагдырларды карагыла, чукушмай. Ошол эле жүздөр, баягы эле саясатчылар.
Демократия деген маска кийип алган Батыштын шпиондору бар, эч качан ыраазы болушпайт. Бакиев, Атамбаев, Жээнбеков болобу, дайым кылдан кыйкым издеп коомду бузуп турушат. Өлкөдө жаңжал, баш аламандык чыгып туруусун каалашат.
2010-жылы Референдум болуп, парламенттик башкарууга өттүк. Шайлоо мыйзамды одоно бузуу менен өткөн, Ош коогалаңынан кийин эптеп мыйзамдуу өлкөгө келели деп добуш бергенбиз. Ошол мыйзам менен 10 жыл жашадык, бирок иш жүзүндө парламенттик башкаруу эмес, президенттик эле болду. Кайра президенттик башкаруу кезинде парламентарийлер күчтүү болчу. Ошол эле Текебаев, Мадумаров, Сариев, Байболов, ж.б депутаттардын ар бири өзүнчө президентке тең келчү. Парламенттик башкаруу системасына өткөндө парламентарийлер "чимкирик" болуп калышты.
Ошондуктан, кыргызды Башмыйзам деп жазып алган китеп менен оңдой албайт окшойбуз. Жээнбековдун 3 жылдык башкаруу мезгилинде эркиндик чексиз берилди. Демократиялык баалуулуктар сакталган сайын бей баш, ээн ооздор, ал тургай айрым чачы кыска эжекелер ЛГБТ өкүлдөрүнүн митингин дагы кылышты.
Совет доорунда эч ким кыңк этпей, тоонун башында мамлекеттин малын багып жашачу. Себеби, тартип бар эле. Эркиндигинен эмес, башынан дагы айрылып калчу. Кыргызга өзү чокусун жара чаап, баш көтөртпөй башкарган бийлик эле керек окшойт. Болбосо, улам акыл үйрөтүп, улам пикет митинг кылып, күч менен бийликти алмаштырып жүрүп, алдыга эмес көткө кеттик. Башмыйзамды каалагандай жазып алсаңар деле, кокту колот денгээлден көтөрүлбөсөк жарыбайбыз", - деди Дайырбек Орунбеков.
Булак: NazarNews.kg