www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин өлкө башчыны Мамдуманын төрагасы басмырлап, «мурдуңар куюлаганда бизге келесиңер» - деди. Мындай пикирин белгилүү журналист өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Мен намыстандым! Американын элчиси ички ишибизге кийлигишип жатат, суверендүүлүгүбүзгө шек келтирип. Биздин өлкө башчыны Мамдуманын төрагасы басмырлап, «мурдуңар куюлаганда бизге келесиңер» - деди.

Москвадагы мекендештерибиз Талант Мамытов иш сапары башталып жатса, «Ал легитимдүү эмес!» - деп митингге чыгышты. Өзүнөрдүн өлкөнүн абийирин ачып, эмнеге жеттинер? Ич ара талашабыз, бирок бөлөк элде мындай кылганыңар осол иш!

Качан биз ынтымакка келип, качан биз эл катары калыптанмайын, кошуналардын ыдыгын көрүп, ушундай басмырлоого туш келе беребиз. Ошон үчүн Кыргызстандыктар ынтымактуу бололу! Бөлүнгөндү бөрү жейт.

Урматтуу президенттикке талапкерлер, сиздер дагы бири-бириңерди чукулабай, жамандабай өзүнөрдүн артыкчылыгыңарды гана айткыла!», - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости