www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда көркөмдүү, "сулуу" саясатчылар ого эле көп. Бирок алардын артынан ар кандай сөздөр ээрчип, айрымдарын каралап дагы турат. Кызыгы, Равшан Жээнбековго катардагы "ууру", "жемкор" деген ылакап эмес, "Равшан гей" деген макам тагылып калган. Ал тургай саясатчы Равшан Жээнбеков “Американын шпиону, гей” деген сөзгө терикпей тургандыгын журналистин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ал өз сөзүндө ага карата айтылган сөздөр көптөгөн адамдарга жабышаарын Батыштан окуп, иштеп келгендерге сөзсүз айтыла берээрин түшүндүрдү.

--“Ким Батыш өлкөлөрүнөн билим алса, ким мамлекетте раформаларды кылууга, демократиялык мамлекетти курууга аракет кылган саясатчыларды, жарандык активисттерди дүйнөнүн баардык жеринде ушинтип “гей” деп аташат. Мисалы, Дэн Сяопинди дагы Францияда заводдо иштеп, Кытайга көчүп келип реформаларды баштаганда “Батыштын шпиону, гей” деп аташкан. Советтер союзунун учурунда дагы көп авторитардык мамлекеттерде президенттер өздөрүнүн каршылаштарын батыштан билим алып келген саясатчыларды ушинтип аташкан. Ал эми мага “гей” деген сөздү 2018-жылдан бери жабыштырып келе жатышат. Мен аялдардын жүрүшүнө чыккам, ошондо сүрөткө, видеого тартып алышып, “гейлерди колдойт” дешет. Мени “Американын шпиону, гей” деп айткандарын токтотпой келишет. Мен бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Себеби, Кыргызстанда менден башка Батыштан билим алып, иштеп келген адамдар  өзгөрүүлөрдү жасайлы десе бул сөздөр сөзсүз жабышат. Андыктан биз терикпешибиз керек. Саясатта жүргөндө ар кандай нерселер чыга берет. Биз туруштук беришибиз керек,” - дейт Жээнбеков.

Баса, саясатчы Равшан Жээнбеков "гей" деген сөзгө терикпесе таң калычтуу экен. Так эле ушул сөздү кыргыздын аттуу-баштуу саясатчыларына айтып же жазып көрсө..."эки чайнап эмес, бир чайнап бир жутса керек"....Белгилүү саясатчынын жогорку сөзү кызык...өтө кызык...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости