www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалыктар заряддоонун зарылдыгы жок электромобилди ойлоп табышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Бул үч дөңгөлөктүү унаа Күндүн энергиясынан кубат алат. Американын Aptera Motors компаниясы миңдеген милден (1600+ километр) ашыкча резервдеги адаттан тыш электромобилди тартуулады. Компания жаңы өнүмүн унаа катары эмес, мотоцикл-автоцикл же эч качан кубаттабаган унаа катары жайгаштырат – бул кубаттоо зарылдыгы жок унаа.

Электромобилдин сырткы көрүнүшү канаты жок учактын фюзеляжына окшош. Унаа бир чакырымга 100 ватт-сааттай гана энергияны сарптайт. Демек, 100 киловатт сааттык батарейка менен, бир эле кубат менен миң чакырым жол жүрүүгө болот. Ал эми кошумча панелдерди орнотуу дагы 24 чакырым аралыкты кошот. Күндөн алган бир сааттык заряд 5 милге (8 километр) жетиши керек.

Унааны чыгарган компания техникалык мүнөздөмөлөрүн ачыкка чыгарган эмес, бирок динамикасы менен бөлүштү. Корпус өтө жеңил композиттик материалдардан жасалган. Аталган компания унааны жетиштүү деңгээлде коопсуз деп убада кылган.

Ал эми баасы 25 миң 900 доллардан 46 миң долларга чейин болот (2 миллион 196 миң 226 сомдон 4 миллион сомго чейин), алдын ала буйрутма кабыл алуу башталган. Алгачкы жеткирүүлөр 2021-жылы күтүлүүдө, ал эми 2022-жылга чейин жыл сайын ушул техникалардын 10 миңин сатууну пландап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости