www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дайынсыз жоголгон 19 жаштагы Жанарбек кызы Аселдин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББ билдирди. Буга чейин маркумдун туугандары Ысык-Ата РИИБге арыз менен кайрылып, Асел 15- февралга караган түнү үйдөн чыгып кеткен боюнча байланышка чыкпай калганын айтышкан.

Милиция кызматкерлери да, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары да издөө иштерине тартылган.

Бүгүн, 18-мартта милиция кызматкерлери Аселдин сөөгүн Чоң Чүй каналынан табышты. Жансыз дене өлүкканага жеткирилди. Тергөө уланууда.

Буга чейин Асел өткөн жылы декабрда турмушка чыкканы белгилүү болгон. Ал апасына аудио билдирүү жөнөтүп: «Мен өзүмдү өлтүрөм. Жашабайм. Менин өлүмүмө А. күнөөлүү», - деп айткан. Ошондой эле Аселдин кийимдери Чоң Чүй каналынын жээгинен табылганы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости