www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дамир Мусакеев, 15-майда саат 15:00до УКМКга суракка чакырылганы маалымдалды.
Айрым ММКлардын маалыматы боюнча, А.Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеевди бүгүн камалат деп жазышууда.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Дамир Мусакеевге карата сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлап, ага өлкөдөн чыкпоо шарты коюлган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 9- башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президенттин жан сакчысы Дамир Мусакеевдин 20 млн.сомдук байлыгы жок экенин Башкыпрокуратура ырастады.
Маалыматка ылайык, ал ата-энеси айылда бай болбосо да жакшы чарбасы бар экенин, үй-бүлөдөгү төрт бала бардыгы иштерин билдирди. 20 млн. сомдук мүлк Мусакеев өзү гана эмес, анын жакын туугандары иштеп тапкан расмий кирешеден бир нече эсе кымбат экени да айтылган.
“Бул бийликтин каралоосу. Баарын оңой эле текшерсе болот. Менде ушунчалык мүлк болгондо 2016-жылга чейин келинчегим, үч балам менен УКМКнын жатаканасындагы бир бөлмөдө эптеп баш калкалап жүрмөк белем? Мен азыр деле кызматтык батирде жашап жатам, менчигимде кандайдыр бир үйүм да, батирим да жок. Биз үй-бүлөдө төрт бир тууган эркекпиз. Биздин мүлкүбүз, чындап келгенде, 20 миллион сомго эч бир жетпейт. Ата-энебизге, мага, бир туугандарыма таандык болгон мүлктүн баарын кошо эсептеп келгенде ашып кетсе 5-6 миллион сомго жетет. Мунун ичинен мага жана менин үй-бүлөмө тийиштүүсү болгону 500-600 миң сомго гана чамалап барат”, - деп айткан Мусакеев.
Булак:NazarNews.kg