www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бикард» клиникасынын башкы дарыгери менен маек.
- Дамир мырза, COVIDден соң жүрөк оорулары күч алганы тууралуу айтылып келет. Буга кандай пикирдесиң?
- Эгерде биз COVID жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда биз алгачкы төрт айда 2019 (COVIDсиз), 2020 (COVID менен) жана 2021- жылы (COVIDден кийин) кардиологиялык тажрыйбабыздын салыштырма анализин жүргүзүп, бейтаптардын санынын өскөнүн байкадык. Биздин изилдөөбүздө инфаркт 60%га көбөйдү.
Изилдөөлөрүбүздү өзүнчө илимий эмгекке айлантууну пландап жатабыз. Бейтаптардын жашы болжол менен үч жашка жашарды. Мисалы, өткөн айда биз жүрөк оорусу менен ооруган 1991-1998- жылы туулган үч жигитти кабыл алдык. Алардын экөөнүн жүрөгүнө стенд койдук, ал эми эң кичүүсүнө хирургиялык операция жасалды. Бул көрүнүштөр ковид башталгандан берки мезгилде болгон.
Менин оюмча, бул жерде бир нече факторлор иштеди, бирок эң негизгисин мен стресс деп атамакмын. Анткени 2020-жылдын март айынан баштап биздин жашообуздун баардык чөйрөлөрүндө ар кандай карантиндер жана чектөөлөр, жумуштагы каржылык кыйынчылыктар болуп келет. Анын айынан үй-бүлө чатактары да орун алууда.
- COVIDден жабыркагандарга кандай сунуштарыңыз бар?
- Эгерде бейтаптарда физикалык күч келтирген соң катуу демигүү, баш айлануу же көз караңгылоо, көкүрөктүн оорушу, буттун төмөн жагындагы шишиктер, дем алуунун оордугу байкалса, түнкүсүн аба жетпей ойгонсо, жүрөктүн согушу бат же жай болсо, кардиологдон кеңеш сурашыңыз керек.
Бул жүрөктүн постковиддик оорулары болушу мүмкүн. Алардын ичинен эң көп кездешкени – перикардит (жүрөктүн былжыр челинин сезгениши), олуттуу миокардит (жүрөк булчуңунун сезгениши). Жүрөк булчуңунун сезгенүүсүнө байланыштуу ар кандай ритм бузулуулары, жүрөктүн иштеши начарлап, төмөндөп кетиши мүмкүн, бул жүрөктүн туура эмес иштешине алып келет.
Албетте, анан баарынан олуттуусу кардиогендик шоктон улам өлүм болушу мүмкүн. COVID канды коюлаткандыктан, курч миокард инфарктына кабылуу коркунучу бар.
Ковид жүрөккө кандайча таасир этери изилденди
«JAME Cardiology» журналы жарыялаган маалыматтар боюнча коронавирустук инфекция менен ооругандардын 78 пайызы оорудан айыгып кеткенден бир нече айдан кийин жүрөктүн иштөөсүнүн бузулганын аныкташкан. Буга чейин илимпоздор Франкфурт-на-Майнедеги университеттик ооруканадан COVIDден айыгып чыккан 100 бейтаптын көрсөткүчтөрүн талдашкан.
Сурамжылоодо инфекциядан кийин жүрөк көйгөйлөрү бар 78 бейтап аныкталган. Коронавирустук оорудан айыккан катары эсептелген адамдардын 60 пайызынан миокарддын сезгенүүсүн байкашкан. COVIDден дарылангандан кийин сизде ядро болуп калуу коркунучу бар. Илимпоздор «коронавирус жүрөккө күч келтириши мүмкүн» деп эсептешет.
Бүгүнкү күндө вирус миокардга узак мөөнөттүү зыян келтириши мүмкүн жана буга жол берүүнүн бир нече жолдорун айтышат. Мурдараак дарыгерлер коронавирус менен ооруканага жаткырылган бейтаптарды байкап жатып, ковид кан тамыр системасынын абалына таасир эте аларын айтышкан.
Бирок мындай таасир берүү принциби алар үчүн түшүнүксүз болчу. Бүгүнкү күндө жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында коронавирус инфекциясы өпкөнүн эле эмес, бүт дененин вирус менен жабыркашына алып келиши так аныкталды.
Ошол эле учурда ковид жүрөккө узак мөөнөткө таасир этип, анын тутумуна зыян келтириши мүмкүн. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, ковид жүрөккө кандайча таасир этерин, бейтаптар жүрөк көйгөйлөрүнө чалдыгып, алардын тобокелдигин азайтуу үчүн эмне кылуу керектигин аныктоо үчүн дагы көбүрөөк изилдөө керек.
Булак: Азия News гезити