www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Ленин райондук ооруканасынын башкы врачы Нурлан Галбаев вакцина чырына байланыштуу иштен кетти. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин билдиришинче Галбаев коронавируска каршы вакцинанын миңге жакын дозасынын жарактан чыгышына жоопкер болгон.

Маалыматка ылайык, 30-апрелде вакцина сакталган муздаткыч өчүп калган. Мунун айынан Орусиядан келген «Спутник V» вакцинасынын миңге жакын дозасы жарабай калган. Буга байланыштуу министрликте атайын комиссия түзүлүп, иштин жагдайын 20 күн иликтеген.

«Азыр вакцина алтындан да кымбат болуп турат. Башкы врачтын шалаакылыгы болбогондо биз 1000ге жакын кишини эмдеп, вирустун жайылышын бир аз да болсо ооздуктайт элек. Комиссия башкы врачты иштен кетирип, зыяндын ордун толтурсун деген чечим чыгарды. Бул ишти азыр прокуратура иликтеп жатат», - деди Бейшеналиев.

Бирок «Кактус медиа» маалымат сайты байланышканда Нурлан Галбаев бул ишке тиешеси жоктугун, министрлик менен соттошууга аргасыз экенин айткан.

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө март айынын соңунда башталган. «Спутник V» вакцинасынан 20 миң, Кытайдын «Sinopharm» вакцинасынан 75 миң доза келген.

Расмий маалыматка караганда Кыргызстанда коронавирустан 1743 киши каза болду. Илдет жугузгандардын саны 102 миңден ашты. Анын 95 446сы сакайды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости