www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР президенти Садыр Жапаров бүгүн өлкөнүн райондорунун акимдерине ротация жүргүздү. Жарлыкта бул кызыкчылыктардын кагылышын жоюу, жергиликтүү администрация башчыларынын ишмердүүлүгүндөгү калыстыкты камсыз кылуу максатында жасалды деп жазылат.
Саясат таануучу Марс Сариев мыйдай кадамды өз убагында жасалган чечим деп белгиледи.
«Президент тарабынан түштүктөн түндүккө, түндүктөн түштүккө адистерди ротациялоо тууралуу эң жакшы чечим кабыл алынды. Бул советтер чоюзу учурунда тажрыйбаланып келген жана эң жакшы натыйжа берген. Мисалы, түндүктүн кадрлар түштүктө иштегенден кийин гана көтөрүлүшкөн, анткени алар түндүктүн дагы, түштүктүн дагы өзгөчөлүктөрүн билишкен»,-деди ал.
Мен бултажрыйба уруулук, корпоративдик кызыкчылыктардын жоюлушуна алып келет деп ойлойм. Биздин алдыбызда түндүк менен түштүктүн кызматкерлерин толеранттуу кылуу, уруу-уруу болуп бөлүнүүнү жоюу милдети турат.
«Ушуга байланыштуу советтик тажрыйбаны жандандыруу керек. Менталитеттин айырмачылыктары бары бир таасир этет, түндүк жана түштүктүн ортосунда айырмачылыктар бар.
Кыргыз эли биримдикте болуп, аймактарга бөлүнүү болбошу үчүн мындай ротацияны кеңири колдонулууга тийиш», - дейт саясат таануучу.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгына ылайык, мамлекеттик жаңы кадр саясатынын негизги милдети мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жеткиликтүүлүктү акыйкат камсыз кылуу, дискриминацияга жол бербөө жана мамлекеттик кесипкөй аппаратты түзүү болуп саналат.
Ушул Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында, атайын түзүлгөн аттестациялык комиссия тарабынан жалпы республика боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары аттестациядан өткөрүлдү. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы аймактык кадрлар резервине талапкерлерди тандоодон өткөздү.
Булак: NazarNews.kg