www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адвокат:

Улут аралык кастыкты козутууга айыпталып жаткан Даниель Ажиев СИЗО-1де сабалды. Бул тууралуу анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, 18-майда Даниель Ажиевдин баш коргоо чарасы узартылышы керек болчу. Бирок Биринчи Май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев өзгөчө кырдаалдар учурунда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын эрежелерине байланыштуу соттолуучуну алып келбей тургандыгын билдирген.

“Менин кардарымды сабап кетишкен. Бирок, ЖАМК бул фактыны четке кагып, Ажиев ага эч ким кол тийгизбегенин айтып, түшүндүрмө кат жазганын айтты. Тергөөнүн судьясы Абдразак Боромбаев мени тергөөчү менен бирге тергөө изоляторуна барып, кардарымдын абалы жакшы экендигин текшерип, бул жөнүндө акт түзүп, андан кийин сотко келип, Ажиевсиз эле санкцияларга катышуум керектигин айтты. Менимче, бул жол коюлгус иш”, - деди Таалайгүл Токтакунова.

Эске салсак, Даниель Ажиев өзгөчө кырдаал жарыялангандан кийин 7 облуска 7 миллион сом берээрин билдирип, Чүй облусундагы муктаждарга гуманитардык жардам тараткан. Социалдык тармактардын колдонуучулары аны вебкам моделдик студиясынын уюштуруучусу экенин айтышып, кескин сынга алышкандан   кийин Ажиев кыргызстандыктарды сөккөн эле.

Булак: NazarNews.org

Последние новости