www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бардык акча каражаттар өз максатына жумшалат, бир тыйын негизсиз жумшалбайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Улан Даникеев билдирди.
«Атайын эсепке түшкөн бардык каражаттар Баткен жана Ош облустарынын чек арага жакын жайгашкан айылдарын жана райондорун калыбына келтирүү боюнча биринчи кезектеги иш-чараларга жумшалат», - деди ал.
Анын айтымында, негизги максаттар жана милдеттер Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө Жарлыгы менен аныкталган.
19-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын жарандарынан, ошондой эле башка ыктыярчылардан атайын эсепке 26 миллион 72 миң 750 сом которулган.
Булак: NazarNews.kg