www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Германия Федеративдүү Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында 62-Мюнхен коопсуздук конференциясына катышты.

Иш-чаранын алкагында Данияр Амангелдиев төмөнкү адамдар менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрдү:

- Италиянын Министрлер Кеңешинин Төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Антонио Таяни;

- Хорватиянын тышкы жана европалык иштер министри Гордан Грлич-Радман;

- Сербиянын Европа интеграциясы боюнча министри Неманья Старович;

- АКШ президентинин глобалдык өнөктөштүк боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли;

- Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О`Салливан; - Европа Борбордук банкынын президенти Кристин Лагард;

- Европа Биримдигинин эл аралык өнөктөштүк боюнча комиссары Йозеф Сикела;

- ЕККУнун мурдагы Башкы катчысы Хельга Шмид.

Жолугушуулардын жүрүшүндө санкциялар жаатындагы кызматташтык маселелери, ошондой эле Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин жылдыруу маселелери талкууланды.

Последние новости