www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19 инфекциясы аялдын балалуу болушуна кандай таасир этерин Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин адиси Наталия Долгушина РИА Новостиге айтып берди.

Анын билдиришинче, коронавирус инфекциясынын орточо жана оор формасы менен ооруган 35 жаштан өткөн аялдардын арасында репродуктивдик көйгөйлөр оорубагандарга караганда беш эсе көп болушу мүмкүн.

"Бул деген вирус аялдардын энелик безинин иштешин беш эсе төмөндөтөт дегенди билдирет", — деген дарыгер.

Адис коронавирустук инфекциянын эркектердин да репродуктивдик системасына тийгизген таасири боюнча маалыматтар бар экенин, анда сперманын курамында вирус табылганы жана гормоналдык функциянын төмөндөшү тууралуу айтылганын кошумчалаган.

Ошол эле учурда "Спутник V" вакцинасы балалуу болууга зыянын тийгизбей турганын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости