www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Омега-3 май кычкылы иммунитетти анчалык бекемдей албайт, бирок сезгенүүгө каршы майнаптуу болгондуктан, организмге инфекциялык илдеттерден коргонууга жардам берет. Бул тууралуу Sputnik радиосунун эфиринде терапевт Георгий Сапего айтып берди.
"Омега-3 көбүнчө балык майынан алынат. Ал эми балык майы кан басымын төмөндөтүп, жүрөктүн иштешине жакшы таасир этет. Ошондой эле сезгенүүгө каршы майнаптуу. Демек, сезондук жугуштуу оорулардан коргонууга жардам бериши мүмкүн. Бирок иммунитетти көтөрөт деп айта албайм", — деди Сапего.
Дарыгер омега-3 учурда дүйнө жүзү боюнча популярдуу экенин эске салып, аны көптөгөн адамдар биологиялык активдүү кошулма катары колдонуп жүргөнүн билдирди.
Анткен менен адис омега-3тү өзүм билемдик менен пайдалана бербей, дарыгер менен кеңешкенден кийин ичүүнү сунуштады. Сапегонун айтымында, кандай гана витамин же кошулма болбосун, организмде көп болуп кетсе, тескерисинче, зыянын тийгизиши мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg