www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Онкологиялык ооруларды алдын алуу үчүн жумасына 3 килограммдан кем эмес жашылча жеп, күнүнө дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап туруу керек. Бул тууралуу Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык профилактика боюнча штаттан тышкаркы адиси Любовь Дроздова билдиргенин "Известия" басылмасы жазды.

Дарыгер рак илдеттерин алдын алуу үчүн жашылча-жемиштен сырткары бир эмес, бир нече жолу кайра иштетилген азыктардан баш тартууну сунуштаган.

"Айрыкча, кайра иштетилген эт, колбаса. Булардын ооруну өрчүтө турганы тастыкталган. Өзгөчө ичеги-карынды жабыркатат", — деген Дроздова.

Олуттуу ооруларды алдын алууда чылым менен спирт ичимдигин тизмеден чийип чалуу сунушталды. Анткени алар дагы онкологиялык ооруларды козгоочу күчтүү факторлорго кирет. Ал эми кыймыл, спорт, тескерисинче, бул тобокелчиликтерди азайтары айтылды. Дарыгер күн сайын кеминде 30 мүнөттөн кыймылдап туруу зарыл экенин белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости