www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев камалбаш керек болчу деп эсептейт. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналында билдирди. Бекешевдин айтымында, Жекшеналиев кармалганга чейин ал жигиттин өзүн да, Фейсбуктагы "Саясий туткун" баракчасын да билген эмес.

"Мен ал тууралуу ИИМ кармап кеткенде гана билдим, бийлик аны популярдуу кылып жиберди, 19 жаштагы жигит Жетим-Тоо жана президенттин уулу тууралуу гана жазган. Ал эми ага бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырган деген өтө катаал айып тагылып жатат. Чынын айтсам, бул - келесоолук. Мен ал билдирүүлөрдөн андай чакырыктарды тапкан жокмун, мен сынды гана таптым.

Менимче, президент "тиги баланы отургуз" деп айткан жок. Ал жалган маалымат тараткандарды жоопко тартуу үчүн пост жазып, ИИМ бул сөздөрдү дароо колго алган. Ал болгону 19 жаштагы жигит! Бул жерде 50-60 жаштагы чоңдор жаңылышат. Жаш жигитти сот камабаш керек болчу жана мынчалык катуу айып тагуунун кереги жок. Сын үчүн эч бир жол менен түрмөгө отургузуу болбойт.

Эгер кимдир бирөөгө анын сыны жакпаса, өзүнө ар дайым жооп бере алат. Эмне үчүн 19 жаштагы баланы отургузуп жатышат? Бул биздин келечек муун, качандыр бир күнү бизди алмаштырып, бийликке дал ушул балдар келет", - деди Бекешев. Ал Садыр Жапаров милиционерлерге эмес, элге таянышы керек деп эсептейт. "Ал жумшак болуп, жигитти бошоткула дейт деп ишенем", - деп кошумчалады депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости