www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дастан Бекешев депутаттарга нааразычылыгын билдирди

Депутат Дастан Бекешев кесиптештеринин Жогорку Кеңештин регламентине өзгөртүү киргизүү демилгесине нааразы. Бул тууралуу ал Твиттердеги өзүнүн микроблогуна жазды.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунун авторлору мыйзамдын ченемдерин Конституцияга шайкеш келтирүү маселесине келгенде, коомдук талкууну өткөрүүнүн кажети жок деп билдирген.

Медиа саясат институтунун эксперттери Дастан Бекешев менен жарандар Конституциялык Кеңешме тарабынан иштелип чыккан өлкөнүн негизги документинин долбоорун талкуулоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылбашы керек деген ойго кошулушат. Бирок, алар парламенттин сайтында мыйзам долбоорлорун талкуулоонун календардык планында мындай демилгени көрө электигин белгилешет: «Кийинки отурумдун графигинде - 2021-жылдын 27-январында мындай мыйзам долбоору жок».

Эске салсак, 10-январда өткөн референдумдун жыйынтыгы боюнча, президенттик башкаруунун формасын тандалган. Демек, эми Конституцияга плебисциттин жыйынтыгына дал келе турган өзгөртүүлөрдү киргизүү керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости