www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекетке пайда алып келген чет элдиктерге 10 жылга чейинки мөөнөткө инвестициялык виза берүү мыйзам долбоору сунушталды. Демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев көтөрүп, коомдук талкууга чыгарды.

Документке ылайык, эгерде инвестор Кыргызстандын экономикасына 10 миллион сом акчалай же материалдык салым кошсо, республиканын бюджетине которсо беш жылга виза берилет. Ушундай эле тартипте 20 миллион сом жумшаса 10 жыл бою жашоого уруксат алат.

"Азыркы убакта чет мамлекеттик жаран өлкө экономикасына 10 миллион сомдон кем эмес салым кошсо виза алуунун өзүнчө жол-жобосу бар. Инвестор тиешелүү сумманы кошкону жөнүндө күбөлөндүрүүчү документти сурап Инвестициялар агенттигине кайрылуусу талап кылынат. Мындай процедуралар абдан ыңгайсыз жана көпкө созулат", — деп жазылат долбоордун маалыматтык негиздемесинде.

Мындан сырткары, бүгүнкү күндө инвестициялык виза үч жылга берилип жатканы, бул мөөнөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жетишсиз болору белгиленген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости