www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар 75 аксакалдын Жогорку Кеңешке кайрылуусу жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү маселесине байланыштуу түзүлгөн саясий кырдаалды талкуулашты.
Жыйын учурунда бир катар депутаттар бул маселе боюнча парламенттик комиссия түзүү жана саясий баа берүү зарылдыгын белгилешти.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев билдирүү жасап, бизнес өкүлдөрүнөн түшүп жаткан кайрылуулар көбөйгөнүн айтты. Анын айтымында, “кустуризация” деп аталган кампания учурунда айрым ишкерлер өз мүлкүнөн ажырап калган учурлар боюнча даттануулар уланууда.
Депутат бул маселелер боюнча ишкерлер Башкы прокуратурага кайрылып жатканын, бирок көп учурда мүлк формалдуу түрдө мамлекетке ыктыярдуу өткөрүлгөндүктөн юридикалык жактан кайтаруу кыйын болуп жатканын белгиледи.
Бекешевдин айтымында, бул маселеге саясий баа берүү зарыл:
«Бул кырдаалга чекит коюу керек. Ооба, мүлктү кайтаруу мүмкүн болбой калышы мүмкүн, бирок бул процесстерге саясий баа берилиши зарыл», — деди ал.
Ошондой эле ал Камчы Көлбаевге таандык делген мүлктөрдүн тагдыры боюнча да маселе көтөрдү. Депутат айрым активдер толук түрдө мамлекетке өтпөгөн болушу мүмкүн экенин белгилеп, бул жагдайды дагы териштирүү керектигин айтты.
Бекешев укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн ыкмалары да ачык каралышы керектигин белгилеп, парламент бул маселени күзүндө кайра кароого тийиш экенин кошумчалады.
Депутаттын пикиринде, мындай иштерге саясий баа берилбесе, келечекте мамлекеттик органдардын ашыкча ыйгарым укук колдонуу коркунучу жаралышы мүмкүн.